Куту
Сепетиңиз бош

Саны:
0

Баары:
0

Эмне үчүн мен 3D үлгүлөрдү ача албай жатам?
19/4/26 15:17

3D көрүнүштү көрүү үчүн mozaik3D плеери керектелет. Эгерде веб баракчадан 3D көрүнүштү бассаңыз, анда көрүү программасы автоматтык түрдө иштейт, бирок ал сиздин колдонмо каражатыңызда орнотулган болушу керек.

Аны кайдан жүктөй алам?

Эгер сиздин колдонмо каражатыңызда плеер программасы орнотула элек болсо, анда 3D көрүнүштү ачар замат mozaWeb аны жүктөп алууну автоматтык түрдө сунуштайт. Баракчанын борборунда пайда болгон билдирүүнү басып, плеер программасын жүктөп алыңыз (1). Эгерде мындай билдирүү келбесе, анда Өнүмдөр => mozaik3D тиркемесин (2) басып, системаңызга тиешелүү орнотуучуну (3) жүктөп алыңыз. Эң популярдуу платформалардан тышкары, сиз башка операциялык системалар үчүн да орнотуучуну жүктөп алсаңыз болот, мисалы, интерактивдүү Android такталары (4).

Барактын ылдый жагынан система талаптарын көрө аласыз

.

Кантип жүктөсөм болот?

Операциялык системада Windows жана Mac OS жүктөлгөн орнотуу программасын иштетиңиз. Windows ОСде орнотуу толугу менен автоматтык түрдө. Mac OS X системасында орнотууну кадимки режимде аткарыңыз.

Эгер iOS жана Android мобилдик каражаттары колдонулган учурда, автоматтык түрдөгү жаңылоону же Apple App Store же Google Play Store, дүкөндөрүнө баш багууну сунуштайбыз. Жогорудагы шилтеме дүкөндөрдүн расмий баракчаларына да багыттайт. Ал жактан плеер программасын кадимки ыкмада орното аласыз.

Debian жана RedHatка негизделген көпчүлүк дистрибутивдерде Linux графикалык менеджерлердин топтому бар, алар колдонуучуларга 3D плеер программасын орнотууга жардам берет, ал үчүн файл менеджерлерине кирип ошол программаны эки жолу басуу керек. Операциялык системадагы конфигурацияңызга жараша сизге администратордун сыр сөзү зарыл болушу мүмкүн.

Эгер сизде Debian жана Red Hatка негизделген Linux дистрибутиви жок болсо, анда көз карандысыз дистрибутив топтомун жүктөп алып, аны өзөк каталогдо ачыңыз. Ал үчүн сизге администратордун укугу зарыл.

Сураныч, файлды/топтомду жүктөп жатканда ал сиздин операциялык системага (32бит же 64бит) ылайыктуу экендигин тактаңыз

Орнотуу процесси аяктаган соң 3D көрүнүштү ачып көрүңүз.

Плеер программасын орнотконум менен дагы деле 3D көрүнүштү ача албай жатам.

Эгерде орнотуу процессинен кийин 3D көрүнүш дароо ачылбаса, анда алгач орнотулган программа сиздин операциялык системага ылайыктуубу же жокпу текшериңиз. Эгерде ылайыктуу болсо, анда браузериңизди жаап, кайра ачыңыз. Эгерде бул жолу да 3D көрүнүш ачылбаса, анда компьютериңизди / мобильдик каражатыңызды өчүрүп, кайра жандырыңыз.

Пайдалуу болду деп ойлойсузбу?